Баткенде бир жуманын ичинде 29 мас айдоочу кармалды

Баткенде бир жуманын ичинде 29 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүнүн кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында күндүзгү жана түнкү кызматтарда иш алып барууда.

Үстүбүздөгү жылдын 17-23-февралына чейин жалпы 813 жол эрежесин бузуу катталган.

Алардын ичинен:

-жогорку ылдамдык унаа башкаруу – 132,

-тиешелүү документи жок рулга отуруу – 11,

-мас абалда унаа башкаруу – 2,

-караңгылатылган терезе – 2.

38 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Андан тышкары, бир жума ичинде облуста 2 жол кырсыгы катталган, каза болгондо жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru