Баткенде дайынсыз болуп изделип жаткан 16 жаштагы кыз табылды

Буга чейин Баткен облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан 16 жаштагы Мундуз Аллаяр кызы табылды.

Ал 22-июнь күнү милиция кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыя шаарындагы Тамара аттуу аялдын үйүндө гилас терип жүргөн жеринен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.

Мундуз Аллаяр кызы 12-июнь күнү саат 09:00 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Ормош айылындагы өзү жашаган үйүнөн Айдаркен шаарындагы базарга барып келем деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.