Баткенде коронавирус жуктуруп алган 34 жаштагы келин айыкты

Баткенде коронавирус жуктуруп алган 34 жаштагы келин айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, келин кечээ, 4-апрелде Баткен облустук ооруканасынан чыгарылган.

“Бейтап буга чейин коронавирус диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Учурда абалы канааттандырарлык. Кайрадан алынган ПЧР-анализинин жыйынтыгы коронавирустун жок экендигин көрсөтүп, ал ооруканадан чыгарылды”, – деп кошумчалашты министрликтин.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru