Баткенде уурулук жасаган 11 жана 16 жаштагы балдар кармалды

Кадамжайда түнкү мезгилде уурулук жасап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин Басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-октябрынан 26-октябрына караган түнү саат 04.00 чамаларында белгисиз атуулдар Кадамжай шаарындагы Заречная көчөсүндө жайгашкан “Тез татым” күркөсүнүн ичине киришип, тамак-аштарды, буюмдарды уурдап кетишкен.

Мындан сырткары ошол эле түнү коңшулаш жайгашкан “Магазин женский одежды” дүкөнүнө белгисиз атуулдар кирип, дүкөндүн ичиндеги сатыкта турган товарларды уурдап, натыйжада жабырлануучуга 28 800 сомдук чыгым келтирген.

Жогорудагы бул фактылар Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып соттук өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБнин ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Тамаша айылынын 16 жаштагы Т.Н. жана Кадамжай шаарынын тургуну 11 жаштагы М.Р. Кадамжай шаарындагы батирлерде ижарада жашап жаткан жеринен аныкталып,кармалып, уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып берилди.

Учурда  тергөө иштери жүрүп жатат

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru