Баткендеги каналдардан белгисиз адамдардын денеси табылып жатат

Бүгүн, 14-сентябрда саат 07:50 чамасында Кызыл-Кыя шаарында көпүрөнүн астынан адамдын денеси табылды. Бул тууралуу  ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга 102 кызматынан шаардын Кулатов көчөсүндө көпүрөнүн астында болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси (аты-жөнү такталууда) суу менен агып келип, бетонго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Буга чейин ӨКМ бүгүн, 14-сентябрда Кадамжай районунун Марказ айылындагы каналдан дагы эркек кишинин денеси табылганын билдирген.

Маалыматка караганда, ӨКМге саат 07:50 чамасында 102 кызматынан айылдагы Жайылма каналында болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru