Баткенге гумжардам. ӨКМ шылуундар пайда болуп жатканын эскертти

Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кыйын учурдан пайдаланып шылуундар пайда болуп жатканын эскертти.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эч кандай чогултуу иштерин жүргүзбөйт, ал координация кылат.

“Чогултуу иштерди “Баткенге көмөк” штабы аткарат. Бир жерге чогултуу керек экендигин айтып жаткандыгыбыздын себеби баары катталышы зарыл. Анткени, максаттуу пайдалануу жана жеткирүүнү камсыздашыбыз кажет. Экинчиден шылуундар да пайда болуп жатат. Ошондуктан баары бирдиктүү болушу керек”, – дейт ал.

Шамырканов Баткенде 900 тоннадай гуманитардык жардам чогултулганын айтып өттү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.