Базардагы соодагерлер 1-ноябрдан баштап салык төлөөнү токтотобуз деп коркутушууда

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери көптөгөн кыргыз ишкерлери өз товарларын чет өлкөлөрдөн ала албай келишет. Бул тууралуу базарлар ассоциациясынын президенти Дамира Дөлөталиева экономика министринин бизнес чөйрөсү менен жолугушуусунда билдирди. Дөлөталиеванын айтымында, дээрлик беш айдан бери ишкерлер Кытай менен чек ара жабык болгондуктан товарларын ала элек. «Абал күндөн-күнгө курчуп баратат, чек арада өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну суранабыз. Көпчүлүк соодагерлердин насыялары бар », – деп кошумчалады ассоциациясынын президенти. Белгиленгендей, ишкерлер мөөнөтсүз нааразычылык акциясына чыгып, 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта Социалдык фондго бардык салыктарды жана төгүмдөрдү төлөөнү токтотууну билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru