Базарлар убактылуу жабылды

 Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы  Азамат Абсатаров маалымат таратты.

“Коронавирусу боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалга ылайык, Ош шаарында 4 базар жабылууда.

Бүгүн, 20-марттан тарта борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан борбордук жана “Келечек” базары убактылуу жабылат. Мындан тышкары тамактануучу кафелер да жабылууда. Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында көрүлүүдө. Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар иштейт берет. Жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталууда.

Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Алдын алуу боюнча даярдыктар шаар мэринин катуу көзөмөлүндө. Тийиштүү кызматтар 24 саат иш алып барууда. Ал эми кандайдыр бир суроолор жаралса, Ош шаарынын мэриясынын ишеним телефону (03222) 5-53-84 күнү-түнү жооп берет”-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru