Бейшеналиев 300 жакын жеке медициналык клиникаларды жаап жатканын билдирди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 300 жакын жеке менчик медициналык клиникаларды жаап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал журналист Лейла Саралаева менен болгон маегинде билдирди.

– Мен азыр 300 жакын жеке клиникаларды жаап жатам. Учурда бардык клиникалардын 50% жакыны текшерүүдөн өттү. Аудит көрсөткөндөй, 100 жеке медициналык борбордун ичинен үч-төртөөнүн гана лицензиясы бар. Көрсө, 30 жылдан бери аларды эч ким текшербептир. Алар лицензиясы жок, эч нерсеси жок иштешкен. Мисалы, бир учур Ош базарында 8 аборт жасаган медициналык мекеме ачылып, алардын ар биринде күнүнө 20 аборт жасалып турган. Ушундай клиникаларда аборт кылдырган кыздар эми төрөй алышпайт, айрымдары оору жуктуруп алып, мамлекеттик ооруканага кыйрылган, – деди Бейшеналиев.

Министр өлкө боюнча ар бир Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда анонимдүү аборт жасаган медициналык бөлмөлөр ачылып жатканын билдирди.

Бейшеналиев жеке медициналык клиникалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды укук коргоо органдарына жиберип жатканын, бирок «азыр бир дагы иш аягына чыга электигин» билдирди.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги апрель айынын ортосунда жеке медициналык клиникалар менен фармацевтикалык уюмдарды текшерүүнү жарыялаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru