Жанат Бейшенов, Транспорт жана жолдор министри: “Жол кирени көтөрбөгүлө деп айдоочуларга эскерттүү берилген, бирок…”

-Жанат Саматович, жол кирелер алыскы аймактарга 1000, жакынкы аймактарга 500 сомдон көтөрүлүп жатат дешүүдө.  Маалыматыңыздар барбы?

-Негизи жол кирени көтөрүүгө негиз жок. Бирок, учурдан пайдаланып, карапайым элди кыйнап, ортодо акча жасап аткандар бар. Азыр сизге “жол кирелер кымбаттаган жок”-десем жалган болуп калат. Биз баардык авто бекеттер менен бирге иш алып барып, айдоочуларга түшүндүрүп жатабыз, эскерттүү берилген. Эми, өздөрү деле Кудайдан коркуп, бааны көтөрбөй эле коюшса болмок. Ошентсе да баа саясатын ачык айтышыбыз керек. Айдоочуларды  кимдир бирөө көзөмөлдөбөйт жана буйрук бере албайт

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru