Бек Борбиев “Империя Пицца” кафесинин кыргызча ырдоого тыюу салганына ачууланды

“Кыргызстанда орусча ырдоого расмий уруксат берилген,. Ал эми Кыргызстанда туруп эле, орусча ырдагандар кыргызча ырдоого уруксат бербегени – бул биздин элдин «жумшактыгы», башка дагы кантип түшүндүрөбүз?

Илгери, эсиңиздерде болсо, «Кыргызстан Обондору» радиосу менен иштешүүнү токтотуп, ырларымды алдыртып салдым эле. Себеби, радионун кожоюндары (улуттары кыргыз эмес), «обондорунун» жетекчилигине орус кызды олтургузуп коюшуптур. Каршылыгым жок болчу, эгер ал кыргызча билген, кыргыз ырларын түшүнгөн болсо. Тилекке каршы, ырчыларды тааныбайт, керек болсо өтүп кеткен залкарларыбызды уккан дагы эмес экен. Радионун кожоюнуна алмаштырыңыз десем, болбогондуктан ырларымды толугу менен эфирен токтоттурдум. Менин артымдан ырчы, обончу инилерим дагы ырларын алдыра башташты. Кийин радионун кожоюну чалып алып, келгиле, кыргыз билимдүү кызды койдук, иштешели деп калышты. Ошондо мен айттым эле, биз кыргыздар жумшак элбиз. Керек болсо меймандарды мойнубузга миндирип алабыз, бирок ал сыйды туура эмес түшүнүп алгандар болсо, анда биздин арабызда орун жок. Биздин тилди кемсинтүүгө, улуттук баалулуктарды шылдыңдашка эч кимдин акысы жок, биз тирүү  турганда, жол бербейбиз”-дейт ал

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru