Бек Борбиев Кайрат менен Куралдын “адепсиз” жоруктарына пикир билдирди

Бул тууралуу ырчы өзүнүн жеке баракчасына жазып чыкты:

(Өзгөртпөй беребиз)

“Курал, Кайрат инилерим учун коомчулуктан кечирим сурайм

Россиянын «Прожарка» берүүсүн туураганы аракет кылышыптыр. Бирок бизде менталитет башка, биздин эл мындайды аш кылган эмес, жана кылалбайт. Ооба сөгүнгөндү ким билбейт, баарыбыз билебиз. Өзгөчө мага окшогон Торкендин суусун ичкен, интернаттын кашасын жеген, Советтик Армияда кызмат өтөгөндөр жакшы эле билебиз)) Бирок ал «талантты» эл алдына алып чыгуунун кереги жок эле. Достор, бул проект АКШдан башталып, дүйнө жүзүнө таркап кеткен. Бүгүн биздин жигиттер ойлоп тапкан жери жок, ошолорду тууроо гана аракети. Андыктан кечиримдуу бололу. Биздин бул жигиттер кыргыздын желегин дагы далай жерде желбиретишет. Ал эми сыйлыктарын алабыз дегени боюнча.  Маданият министирлиги менен шоу бизнес тармагы 30 жылдан бери кошулбаган эки башка тармак. Бул масалени эстрада өкүлдөрү жакшы билебиз. Министирликтин өлкө боюнча миңдеген кызматкерлери, башка иштери толтура, ошолор менен алек болсун, абдан көп көйгөйлөрү. Ал эми Курал, Кайрат коомчулуктан жонуңарга камчыны алдыңар. Эми чыгармачылык менен алектенип, угарман, күйөрманыңарды тарбия таасири зор, махабатты даңазалаган ырлардан жаадыргыла. Мүдүрүлбөс туяк, жаңылбас жаак болбойт”-деди ал

Leave A Reply

Your email address will not be published.