Бек Борбиев, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Вирус жок деген сөз бийликке каршы саботаж ”

Бек Борбиев өзүнүн жеке баракчасына коронавирус жөн эле саясат деген  Адахан Мадумаровго жооп кайтарды. Өзгөртпөй беребиз.

“Бүткүл дүйнө карантинде отурганда, бул оору жөн эле саясат деп сүйлөп турган саясатчыларды түшүнбөйм. Дүйнө жүзү кыргыздар саясат жасап алсын, биз дагы үйдө олтурумуш болуп туралы дегендейби) Мындай сүйлөгөндөрдү саботаж деп түшүнсөк болот. Анткени бул илдет саясат эмес ооруу болуп чыкса, кыргыз кырылсак, ким жооп берет? Жанагы саясат деп аткан саясатчыбы? Жок, өкмөт, президент, бийлик жооп берет. Демек, мындай мазмунда тибирегендер, азыркы бийликтин оппоненттери. Демек бийликке каршы саботаж.  Менимче, азыркы өкмөт, Бишкек мэриясы өтө дыкат иш алып барып атканы үчүн, массалык оорунун таркоосу жок, башка өлкөлөргө салыштырмалуу минималдуу жоготуу менен чыгып кетебиз, буйруса. Эң негизгиси сабырдуулук достор, сабырдуулука чакыргыла саясатчылар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru