Бек Борбиев: “Таза шайлоо болгон жок. Аман болгула эки дос”

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Бек Борбиев өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына мындай билдирүү калтырган: «Таза шайлоо болгон жок, ( мен болот го деп ойлогом, эл башындагы эки жигит кайсады. Аларга керек жерде админстративдик ресурс иштеди. Өтө кир. Оңолбойт экенбиз.

Мен позиция болуп туруп, оппозиция болуп бийликке, оппозиционер болуп иштегенге туура келди. Унчукпадым. Считается уттуңар не болсо дагы. Анткени туура эмес кылганыңды эл көрүп, билип турат. Аман болгула, эки дос» (ред. тексттин орфографиялык жана грамматикалык стили сакталды).

Бек Борбиев «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган. Алдын ала жыйынтык боюнча, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы жалпы шайлоочулардын 16.44 пайыз добушуна ээ болуп, парламентке өттү. Болжолдуу түрдө аталган партияга 15 мандат берилет. Бек Борбиев шайлоочулардын 1.06 пайыз добушун алып, парламентке өтө турган тизмеге кирбей калды. Учурда БШК бюллетендерди кол менен саноону улантууда, жогорудагы жыйынтыктарга өзгөрүүлөр кириши мүмкүн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru