Бекер жерден эл толкубайт

“Өз үйүң — ​өлөң төшөгүң”, же “Жер бетиндеги эң жылуу жана ыңгайлуу жай — ​Ата Мекениң”, дегендей накыл сөздөр элиң-жериңди, улутуңду, мамлекетиңди сүйүүгө, патриоттук духуңду көтөрүүгө түрткү берери, турган иш. Анысы кандай, улуттун келечегин түптөөгө кызыкдар эмесмин, деген кыргыз жаранын издеп табуу кыйынга турса керек.

Ооба замандаш! Баштагыга салыштырмалуу, үстүбүздөгү жылыбыздын күз күндөрүнүн ар түркүм түстөгү боёктору сымал, аба ырайынын ысык-суугу аралаш “алдамчы” көрүнүшүндөй болуп, өткөзгөн күндөрүбүздүн ар бир көз ирмеми өзгөчө кызык болуп турган кези.

Атаңкөрү, кызыгың түшкүр! Мындайда “көз ачыктык” кылып боолголоп айтыш да кыйын болот турбайбы. Мамлекеттин эртеңки келечеги олку-солку өңдөнүп турса, бизде кызык окуялар болуп жатат, деп айтканга оозуң менен айтмак тургай, дитиң барбай, айланчыктаган ойлоруңдун баардыгы обу жоктой сезилип, “сиркең суу көтөрбөй” калат турбайбы. Күптүү болгон эмедей, ичкен-жегениң аш болбой, оору-сооңду тушүнбөй, түнкүсүн көзүң илинбей, дагы эмненин ичинен чыгышаар экен, дегендей сары санаа турмуштун башталганына мына бүгүн (5-октябрдан бери эсептегенде) он чакты күндун жүзү болду. Шайлоо өнөктүгүндөгү мезгилди эске алганда, андан дагы узагыраактыр …

Өзү сыркоолоп жүрсө да (1948-жылы өпкөсүнөн жабыркап Чолпон-Атада дарыланып жүргөн кези), көкүрөгү таза, ата-журтунун акыбалын тулку-бою аркылуу өткөзө билип, өзгөчө түшүнгөн, элибиздин сыймыгы, залкар акын Алыкул Осмонов агабыздын “Ата-журтка” арнаган ыр саптарын кантип айтпай кетесиң:

“…Көпкө турбас, мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруйун, Ата-Журт!

Ушул ыр саптары жарык көргөн мезгил Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, мамлекет ирденип кете албай, запкы тарткан элдин жарааты айыгып кеткендей боло элек кези эмес беле.

Кудайым сактай көр! Бүдөмүктүү, божомолдуу кебетеленген шартта күн кечирүү, акыркы чейрек кылымдан ашык мезгил ичинде көнүмүшкө айланган көрүнүш болуп калды го. Биз өзүбүз эле тургай, өлкө ичинде болуп жаткан көрүнүштөргө коңшуларыбызды, жамаатташтарыбызды, шериктештерибизди, а түгүл дүйнө жүзүндөгү бизди тааныган, тааныбаган өлкөлөрдүн баардыгын ого бетер таңдандырып койбодукпу. Керек болсо таңдантмак тургай үрпөйтүп, чочулатып да койдук көрүнөт. Эмнеге дейсизби. Алыс басып убара тартпай, интернет булактарын ачып карасаң айтып атышат го — ​“… бу кыргыздар үчүн кандай гана бийлигиң болбосун, алып коюш жемишке чаккандай эле иш. Ак үй-көк үйүңдүн алдына бир КАМАЗ таш түшүрүп, анан үндөрү бүтүп калбастын аракетин кылып койсоң болду, түнү менен башка бийликтин байрагы желбиреп калат”.

Ак үйдүн бийлигин “алыш жолун”, сиздерге бир аз жылмайуу тартуулайын, деп анекдот-тамаша ирээтинде эле айтып койдум. Айып этпеңиздер, элдин оозундагыны мен деле, анча-мынча үтүр-чекитин алмаштырып айтып ийдим көрүнөт.

А бирок, “Шамал болбосо, куурайдын башы бөөдө кыймылдабайт” учкул сөзүн эске ала жүргөнүбүз туура болчудай. Жо-жоок, көбүн эсе эл башыларына — ​“Кулагыңа күмүш сырга” иретинде айтылган чыгаар. Бекер жеринен көл өрөөнүнөн чыккан акелердин сакалдуусу Карга аке Боронбай кан бийлик башына келип атканда — ​“Кан жаңылса кадыры кетет, калк кыйналса сабыры кетет” (1-китепте да мисал келтирдим эле), деп бир четинен бата, экинчиден насаат иретинде айтпаса керек… .

16-октябрь, 2020-жыл

Булак: “Жаӊы Ордо”

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru