народный

Бекназаров азыркы бийликтин кечирим суроосун талап кылууда

Мындай пикирин Руслан Бекназаров социалдык баракчасына жазып чыкты:

“Аксы окуясын” окуянын өзүнө байлаган акмакчылык, караңгылык, түркөйлүк.

Кайгылуу “Аксы окуясы” А.Мадумаровдон эмес, А.Акаевдин бийлиги Үзөнгү-Куушту беришинен башталат. Тарыхты билбегендер, ошол убактагы жалданма журналисттер жараны тырмадыңар. Ошол жалданма, ары жок журналист сөрөйдү “жылдыз” кылгандар эсиңер барда, этегиңерди жапкыла.

Бекназаровдор азыр аза күтүп турат.

Президенттик шайлоонун шайтан оюнуна азыркы бийлик “Аксы окуясын” аралаштырганы үчүн кечирим сурасын. Биз билебиз мамлекеттик КТР, ЭлТР бийликтин көрсөтмөсү жок былк этише албайт. Тиешебиз жок дешсе ЭлТР жетекчисин, көрсөтүүнүн жоопкерчиликтүү кызматкерлерин токтоосуз жумушунан алышсын. Тарых күнүнө карата тарыхты эске салууну каалагандар “Үркүн” темасын козгосо болбойт беле? Россия империясы тарабынан тукум-курут боло жаздаганбыз. 1000 деген кыргыздар октон ажал тапкан, 1000 деген адамдар ачкадан өлгөн, 1000 деген адамдар суукка тоңгон, 1000 деген адамдар журтун таштап качкан. Аны козгой албайсыңар. Себеби, коркосуңар. Дагы деле ошол ата-бабаларыбызды кыргандардын көзүн карап, аларга жалдырап жашайсыңар.А.Бекназаровдун аза күтүүсүнөн, алыста жүргөнүнөн пайдаландык десеңер адашасыңар. А. Бекназаров “Аксы ыйы – улут кайгысы” китебинде баарын ачык жазып, документалдуу далил менен келтирген. Кайрадан ЭлТР түз көрсөтүүнү тез арада уюштурсун. Аксы окуясында түзмө-түз катышкан, окуяны башынан жана ичинен билгендер чогулуп барабыз. Бекназаровдордун үй-бүлөсүнөн барууга даярмын. Тел.номурум 0771000059, 0550811444.”-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru