Бексултан Кадырбердиев, “Американын тургуну: “Бизде деле беткап аябай тартыш”

Америка учурда коронвирус дарты боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты.   Андыктан дал ушул өлкөдө жашап, оор жүк ташуучу унаа айдап иштеген Бексултан аттуу мекендешибиздин ал жайын сурадык.

-Бексултан мырза, учурда Американын кайсыл шаарында жашайсыздар. Коронавирустан кантип коргонуп жатасыздар?

-Саламатсызбы? Биз АКШ да Иллинойс штатынын Чикаго шаарында жашайбыз. Биздин штатта башка штаттарга салыштырмалуу  коронавирус бир аз азыраак десем болот.  Ал эми Нью-Йорк, Вашингтон, Калифорния тарапта    абал  оор. Ага карабай Американын баардык жеринде күчөтүлгөн тартип киргизилген. Кечинде саат  5 тен тарта сыртка чыгуу мүмкүн эмес. Эгер зарыл жумуштарын болсо чыгып келе аласың. Мисалы ооруканага, дарыканага, маркетке дегендей. Маска, антисептик тартыштыгы дагы деле күчүндө. Биз дагы киргизилген эрежелерди туура сактап, өз коопсуздугубуз үчүн кам көрүп жатабыз . Карантин киргизилгенине  бүгүн 20 күн болду. Баардык жумуштар, окуулар негизинен үйдөн аткарылып жатат.

Баса, сиз трак айдайт экенсиз. Мындай учурда айдоочуларга кандай тартиптер киргизилди? Коронавирус учурунда жумушуңуздар аксаган жокпу? 

 -Америкада IT  кызматкерлери менен  оор жүк ташуучу унаа (трак) айдоочулар жумушун кадимкидей эле улантып жатышат. Ооба, биздин жумуш дээрлик  көчөдө. Американын баардык аймагын кыдырып чыгабыз. Бирок,  трак айдоочуларда  байланыш жокко эсе. Биз эч кимди көрбөйбүз, жолукпайбыз. Жүк алган жерлерде ошого жараша шарттарды түзүп коюшкан. Мисалы: мен “Амазон” компаниясынын жүктөрүн алып барам, буйрутманы алууда сырттан атайын  байланыш үчүн номер жазып коюшат. Ошого чаласың. Кайсыл  буйрутма сага тийешелүү экенин айтышат. Тийешелүү кагаздарын мурда колго берген болсо,  азыр алдын ала эле ичине даярдап салып коюшат же телефонго сүрөткө тартып жиберип коюшат. Буйрутманы аласың да кетет бересиң.  Ал эми  тракисттер үчүн атайын жол боюна токтоп , дем алуу, же тамактануусу үчүн трак токтотуучу жайлар бар. Ал жерде салфеткалар, антисептиктер орнотулган. Айрым, отургучтарды дагы  жыйнаштырып, олтурууга болбойт деп сылык  түрдө жазып коюшкан, тагыраагы ал жерлерде олтуруп тамактанууга болбойт.

Америкада өлүктөрдү фуралап ташып жатат деген маалыматтарды жазышууда кыргыздар бул чынбы?

Негизи баардык эле өлкөдө  ошондой чоң унаалар менен өлүк  ташыган видеолор интернетке көп чыгып жатат. Кээде кайсынысына ишеништи да билбейсиң. Бирок, эгер өлүктөр фура менен ташыла турган болсо атайын  муздаткычы бар  фураларга салынат. Азырынча биз андай учурга туш болдум,  ташыдым же көзүм менен көрдүм  деген маалымат уга элекпиз.  Интернеттеги видеолорго паника болгондор болсо керек.

Дүйнөнүн туш тарабынан кыргыздар карантинге байланыштуу өлкөгө кайтышууда.  Америкадан  да келгендер болдубу?

-Америкага же бул жактан Кыргызстанга билетти көбүнчө эрте алып коюшат кыргыздар. Кээде дароо эле келген, кеткен күнүнө чогуу алышат. Ошондой билети бар адамдар кетип жатышты жолдон калбайлы деп. Бирок, кечээ 31-мартка  менин досумдун билети бар эле, кете албай калды. Ал бул жакта соода тармагында эмгектенгендиктен, баардык соода борбору жабылып, жумуш жок, чыгаша көп болуп батирин тапшырып кетип калайын деп билет алган экен. Анткени, бир айлык эле батирдин акысы жок дегенде 1500 доллар . Ал айрыкча кымбат шаарда турат, 2000 доллардан жогору төлөсө керек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru