Бензин кымбаттап, алтындын наркы кескин төмөндөдү. Соңку маалымат

Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында доллардын курсу дээрлик өзгөргөн жок, евро менен алтындын баасы төмөндөп, күйүүчү май кымбаттады.

Дүйшөмбү күнгө салыштырмалуу акча алмаштыруучу жайлар менен банктарда долларды сатып алуу бир тыйынга түштү. Учурда долларды 84,74 сомго сатып алып, 84,90 сомдон сатып жатышат. Евронун курсу сатып алууда 94,84, ал эми сатууда 96,26 сом болууда. Рублдин сатып алуу курсу 1,124 сом, сатуу курсу 1,153 сом. Теңгенин курсу анча-мынча өзгөрдү.

“Газпром нефть Азия” май куюу жайларында АИ-95 маркасындагы бензин жана дизель майы бир сомго кымбаттаган. “Бишкек петролеум” май куюучу жайларында баалар мурдагы бойдон турат.

Алтын куймалардын наркы кескин төмөндөдү. Мисалы, бир граммдыгы 122,5 сом, ал эми жүз граммдыгы 12,6 миң сом болууда.

Маалымат: Спутник Кыргызстан

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru