Бермет Баикелова, Нью-Йорк шаарынын жашоочусу: “Коронавирус жуктуруп алган таанышым бат эле каза болду”

Убагында Филармонияда алып баруучу, ырчы болуп иштеп жүргөн Бермет Баикелова учурда Американын Нью-Йорк шаарында жашап иштейт. Ал бүгүн “коом press” сайтына маек куруп, COVID-19 дарты менен  аталган өлкө кантип күрөшүп жатканын жана өзүнүн ооруп айыкканы жөнүндө айтып берди.

-Бермет айым,  учурда Кыргызстанда айрым адамдар коронавирус дарты жок деп айрым талаптарга баш ийбей жатышат. Америка бул дарт менен кантип күрөшүп жатат?

-Ооба, интернеттен окуп абдан таң калдым. Болгондо аттуу баштуу адамдар, жаш балдар кадимкидей эле көзү менен көргөнсүп жок деп айтышууда. Азыр эми караңгы доордо жашабайбыз, интернеттин заманы. Эгерде ишенбесе, дүйнө эли кантип күрөшүп кыйналып жатканын көрсө болот. Жөн эле тескери кетип, сүйлөй берген Кудайга деле жакпайт го дейм.  Мисалы мен Нью-Йорктогу чоң госпиталдын маңдайында жашайм.  Тез жардам унаасынын үнү тынбай, оорукананын алдында өлүк сала турган эки машина коюлду. Ошол дагы улам толуп калып, дароо эле элдин үрөйүн учурду. Ооруканада адам батпайт, келген кеткендер өтө көп. Ушунчалык көп каза тапкандарды көрүп чоочулап жаттык. Мына азыр дагы тез жардам унаасы шашылыш келип жатат. Бул абдан коркунучтуу нерсе.

-Өзүңүз ооруган жоксузбу?

-Оорудум, бирок дарыгердин айтымында мен жеңил түрү менен ооруптурмун. Өзүмдүн өнөкөт бронхит дартым бар. Жумушта олтурганда эле тамагым кычышып баштады. “Аа, бронхитим кармап калган го” деп желим бөтөлкөгө ысык суу куюп көкүрөгүмө бастым. Анан үйгө келгенде денем ушунчалык сайгылашып ооруду дейсиз. Чыдабай нары барып бери келгендей эле болдум. Кийин билгениме караганда мен ошентип вирустун симптомдорун өлтүрүптүрмүн. Бир таанышым ооруп жатканынан барсам аба жетпей оозун ачып, сүйлөй албай жатыптыр. Тез жардам унаасы келип алып кеткен.  Эки күндөн кийин каза тапты. Коронавирус оюнчук эмес, тартипти тазалыкты сактап, тезирээк өтүп кетүүсүн тилеш керек.

-Америкада тургундар көбүнчө үйдөн тамак жасашпайт да. Азык-түлүк жагынан кантип жатасыздар?

-Мамлекет тарабынан ар бирибизге 1200 доллардан вирус башталганда эле компенсация төлөп беришкен. Балдарга болсо 500 доллардан төлөштү. Кыргызстандын акчасы менен чоң акча болгону менен Америкада бул акчага өтө көп нерсе келбейт. Ал эми тамак-аш боюнча айтсам тынымсыз мектептерде уюштуруп жатышат. Америка өтө кубаттуу өлкө. Бул өлкөдө ушунчалык кыйналып, өлгөндөрдүн саны көбөйүп жатканда Кыргызстаныбыз жөнүндө ойлонбой койбойбуз. Бат эле бул дарт баардык өлкөдөн чыгып кетип жай турмушка кайтсак экен деп тилейм. Мекендештерди болсо сабырдуулукка, ар кандай провокациялык ойлорго алдырбоого чакырам. Коронавирус бар, жок эмес. Өзүм ооруп айыккандыктан тамаша эмес экенин эң жакшы түшүндүм.

Leave A Reply

Your email address will not be published.