народный

Билим берүү министрлиги мугалимдердин отчет кагаздарын кыскартууну карай баштады

Билим берүү министрлиги мугалимдер үчүн отчеттук документтердин санын кыскартууну чечти Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер үчүн отчеттук документтердин санын кыскартууну каалайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти. Отчеттук документтерди минималдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, аны Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов жетектегени белгиленди. Топ 2020-жылдын 10-ноябрына чейин мугалимдердин билим берүү жана тарбия иштери үчүн милдеттүү отчеттук документтердин тизмесин иштеп чыгышы керек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru