Бир айдан бери маянасын ала албаган айдоочулар бүгүн акчаларын алышат

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун буйругу менен шаардык бюджеттен муниципалдык автобустар менен троллейбустардын айдоочуларынын бир айлык маянасы үчүн 12 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын троллейбус башкармалыгы жана шаардык жүргүнчү автотранспорттук ишканасы жүргүнчү ташуудан пландык кирешелерин алышкан эмес. Аталган ишканалар өз алдынча чарба субъектери болуп саналат жана жүргүнчү ташуудан киреше табышат. Бирок автобустун айдоочулары медиктерди, эпидемиологдорду, милиционерлерди, муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин ташуу менен иштерин улантып жатышат.

Айдоочуларга март айы үчүн айлык 21-апрелден тартып бериле баштайт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru