Бир аптада 4 миӊден ашык айдоочу жол эрежесин бузган

Акыркы аптада Бишкекте 4 миң 191 айдоочу жол эрежесин бузду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 45 айдоочу унаасын мас абалда башкарып келе жаткан убакта кармалса, 6 унаанын айдоочусу терезесин караңгылатканы үчүн кармалган. Ошондой эле 4 миң 59 айдоочу ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалган.

Ал эми 34 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарса, жасалма номер менен 3 автоунаа колго түшкөн. 588 унаа айып короо жайына токтотулган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru