Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо фондуна 357 млн сом түштү

Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо тууралуу маалымат берди.

Бардыгы болуп шайлоого катышуу үчүн БШКда каттоого алынган 321 талапкер өздөрүнүн шайлоо фондун түзгөн.

«Түндүк» ишканасы аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматтарга ылайык, 19-ноябрына карата талапкерлердин шайлоо фондундагы атайын эсепке 357 млн 576 миң 659 сом келип түштү. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан 219 млн  653 миң 970 сом чыгымдалган.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өтөт. Ага 21 партия жана бир мандатуу шайлоо округунан 300дөн ашык талапкер катышууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru