Бир миллион сом уурдаган шектүү милиционер кармалды

Бишкекте Ички иштер министрлигинин коопсуздук кызматынын кызматкери банк терминалынан бир миллион сомдон ашык акчаны уурдап кетти. Бул тууралуу укук коргоо органдары кабарлашты.

Белгиленгендей, банктын кызматкерлери 12-ноябрда полицияга арыз жазып, акча 6-11-ноябрь аралыгында жоголгонун көрсөтүшкөн. Атап айтканда, 996 миң сом жана 2 миңден ашуун доллар уурдалган.

“Шектүү милиционер уурдалган акчадан өз ыктыяры менен баш тартты. Сот аны үй камагына чыгарды”, – деп билдиришти маалымат булактары.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru