народный

Бир таластык Садырды колдосо, экинчи таластык Садык Шерди колдойт

Мындай пикирин Рыскелди Момбеков “Жалбырак тв” каналына маек берип жатып айтты:

“Президенттик шайлоодон баш тартканымдын негизги себебим, биз бүгүн саясаттагы санаалаштар, сапарлаштар ийри отуруп, түз кеӊештик. Садыр Жапаровдун кечээ күнкү кол койгон жарлыгы болду, ага ылайык мындан кийинки парламенттик шайлоонун тартиби дагы, табяты дагы өзгөрдү. 3 пайыздык чек жана бир миллион сомдук күрөө деп.

Менин негизги талабым же болбосо президенттикке аттанам дегеним бул парламентаризмди сактап калуу болчу. Президенттик башкарууга каршы аттангам. Биринчиден мени ошол маселе ойлондуруп койду.

Экинчиден, менин талабым дагы, негизги бараткан максатым дагы Садык Шерниязовтукуна төп келгендиктен, саясаттагы санаалаштар аны колдоону чечтик. Ансыз деле бир таластык Садырды колдоп чыккандан кийин, экинчи таластык Садыкты колдоп чыгыш керек деген ниеттемин. Ошондуктан мен парламенттик шайлоого аттануу максатында Садык Шерниязды колдоп, президенттик шайлоодон баш тарттым”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru