Бир жумада үч президент алмашты
Перуда жаңы убактылуу президент болуп Перу Конгрессинин депутаты Франсиско Сагасти шайланды.
Анын талапкерлигин 97 депутат колдоп, 26сы каршы добуш берди.
Ал эми, Мирта Васкес вице-президенттин милдетин аткарууга киришет.
Ошентип, Сагасти бир жуманын ичинде өлкөнүн үчүнчү президенти болду.
Буга чейин, өлкөнү 5 күн башкарган Мануэль Мерино Перунун убактылуу президенти кызматынан кетерин жарыялаган.