народный

Бир жылда 28 миллион доллар тапкан кичинекей Настя

Орусиялык 7 жаштагы блогер Анастасия Радзинская 2021-жылы 28 миллион доллар киреше таап, дүйнө жүзү боюнча эң кымбат YouTube-блогерлердин катарына кирди. Бул тууралуу Forbes журналы маалымдады.

Настя үчүнчү ирет катары менен эң бай YouTube-блогерлердин тизмесине кирип жатат. 2020-жылы анын кирешеси 18,5 миллион доллар болуп, ал жетинчи баскычка илинген. 2019-жылы 18 миллион доллар кирешеси менен үчүнчү орунда болчу.

Азыркы тапта, Like Nastya каналынын катталуучулары 87,5 миллионго чейин жетти.

Радзинская Краснодар крайында туулуп өскөн. Учурда үй бүлөсү менен Майамиде жашайт. Настя жаңы төрөлгөндө ага – балдар церебралдык паралич деген диагноз коюлган. Дарыгерлер Настя эч качан баса албайт жана сүйлөбөйт деп айтышкан. Кыздын ата-энеси бардык күчүн аны дарылоого жумшап, бир нече жылдан кийин оорунун белгилери жок болгон.

Роликтерди орус, англис, араб жана испан тилдеринде көрүшөт. Виедолору Настянын күнүмдүк жашоосун чагылдырат: мектепке барганы, тамактанганы, жаңы кийимдерге кубанганы, ойногону, эркелегени ж.б. Мындай контент жаш актрисага ай сайын жүз миңдеген доллар киреше алып келет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru