народный

Биринчи май райондук сотунун судьясы пара менен кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 12-мартта Финполдун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чарасынын натыйжасында 2 миң АКШ долларды пара катары алууга шектелип Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы «О.М.» кармалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru