Бишкек: COVID жуктургандарды жаткыра турган 517 орун бар. Акыркы маалымат

Бишкек менен Чүйдүн чет жакасында коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн 14 ооруканада 517 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Жалпысынан 19 оорукана даярдалган. 22-июль саат 08:00гө карата 14үндө бош орун бар.

Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси:

  • Улуттук хирургия борбору — 20;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 20;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 23;
  • №2 шаардык клиникалык  оорукана — 47;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 30;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 33;
  • Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 10;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 34;
  • Аскердик госпиталь — 19;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 145;
  • Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) – 45;
  • Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи — 57;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 12.
  • КММА, Фтизатрия борбору (№6 жатакана) — 22.

Мурдагы эки күндө бош койкалар көбөйө түшсө, бүгүн кечээкиге салыштырмалуу 20 орунга азайган.

Кыргызстанда бүл күндөрү коронавирус азайбай, күнүгө 9-10дон кем эмес адамдардын өмүрүн алып кетип жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.