«Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын башкы директору кызматтан кетти
Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, Дүйшөн Ирсалиев өз кызматын 2015-жылдын ноябрь айынан бери аркалап келген, ага чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген.