Бишкек комендатурасы жасалма өткөрмө кагазын саткан жигитти кармады.
“Жасалма өткөрмө кагаздары менен алектенип, аларды 1500 сомдон сатып жүргөн 1990-жылы төрөлгөн жигитти кармадык. Андан мөөр, клише жана өткөрмө кагаздар алынды”, – деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.
Комендант бул учурду аныктоого көмөктөшкөн журналистке ыраазычылык билдирди.