Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеген 31 жаштагы Адилет Малдыбаев. Эмгек жолу

700×100 kyr

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси болуп 31 жаштагы Малдыбаев Адилет Абдымуталипович июль айынын аягында дайындалган.

Ал 1989-жылы 14-февралда төрөлгөн. 2011-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика жана финансы институтун бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу

– 2011-2012-жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономикалык анализ жана болжолдоо кафедрасында окутуучу;

– 2011-2013-жылдары Финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгындагы бюджеттик бөлүмдө башкы адис;

– 2013-2014-жылдары Бишкек шаардык финансы башкармалыгындагы бюджеттик бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу;

– 2014-2015-жылдары Бишкек шаардык финансы башкармалыгындагы мамлекеттик киреше жана салык саясаты бөлүмүнүн башчысы;

– 2015-2016-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

– 2016-2018-жылдары Ленин районунун акиминин биринчи орун басары;

– 2018-2020-жылдары Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары;

– 2020-жылдын июлунда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Булак: Баракелде

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.