Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында бюджеттик каражатты уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды

Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында бюджеттик каражатты уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул боюнча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Бишкекте спортко деп бөлүнгөн ири суммадагы акча каражаты уурдалган Маалыматка ылайык, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Д.Д.Б. жооптуу адамдар менен бирге спортчулардын машыгууга чыгышын күбөлөндүргөн жасалма документтерди даярдоо аркылуу бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок ал машыгуулар уюштурулган эмес.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жасалма кагаздардын негизинде бюджеттен 3 млн. сом уурдалган.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде КЖБРге катталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru