Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып бир адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 235-чакырымында (Кочкор айылы) Toyota-Camry үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек каза болуп (аты-жөнү такталууда), 1 эркек жабыркаган (2004-жылы туулган С. уулу Б.). Куткаруучулар жерине жеткенде жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru