Бишкек шаардык кеңешин шайлоо учурунда коопсуздукту 2 миң кызматкер көзөмөлдөйт
11-апрель күнү Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда коопсуздукту 2 миң кызматкер көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда жакынкы милиция кызматкерине кайрылып, күнү-түнү 102 кыска номерине чалуу керектигин эскертет.