Бишкек шаарында аялды өлтүрүп сөөгүн өрттөп жиберген жаран кармалды-(ВИДЕО)

Бишкек шаарынын криминалдык милиция кызматы эки адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-январь күнү саат 17:30 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1974-жылы туулган К.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге бир канча ирет бычак сайылган жана күч колдонулган белгилер бар болгон.


Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул кылмыш ишин бетин ачуу максатында ыкчам кызматкерлер тергөө ишин баштаган. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде шектүү катары Ш.И. аттуу жаран кармалган. Ал мурда соттолгон.


Кармалган шектүү өз көрсөтмөсүндө 29-январь күнү кечинде көп кабаттуу үйдүн батирине кирип, акча алуу максатында жабырлануучунун көкүрөгүнө бир нече бычак сайган. Андан кийин жабырлануучунун банктык карточкасын алган. Андан кийин ашкана бычагын ошол жактагы бадалга ыргытып жиберген. Мындан тышкары, тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган Ш.И. мурда дагы адам өлтүргөндүгүн мойнуна алган.
Тактап айтканда 1953-жылы туулган Чүй облусунун Сокулук айылында жашаган аял 2020-жылдын 25-октябрынан бери дайынсыз болуп келген. Шектүү Ш.И. 2020-жылдын октябрь айынын аягында, акча алуу максатында, Сокулук айылында Фрунзе көчөсүндө жашаган жеке менчик үйдө жашаган аялдын баш жагына жыгач устун менен бир нече жолу уруп, ал алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган. Андан кийин анын сөөгүн Белогорка айылынын жогору жагындагы тоолорго алып барып, аялдын сөөгүн өрттөп жиберген.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.