Бишкек шаарында эки райондун акими алмашты

Бишкек шаарынын эки районунун акимдери кызматтан кетүү боюнча арыз жазышты. Октябрь районунун акиминин кызматын ээлеген Азамат Дороев билдиргендей, бүгүн, 27-октябрда ал кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. «Мен себебин сурадым, мага эч кандай себеп жок деп жооп беришти. Жаз дешти, мен жаздым », – деди Дороев. Маалыматка караганда, Биринчи Май районунун акими Алибек Биримкулов дагы кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru