народный

Бишкек шаарында кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 1-2-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда  кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт.Бул боюнча жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.    Мелдешке республиканын бардык региондорунан балбандар келип, 55 кг дан жогору, 7 салмакта күч сынашат.

https://www.youtube.com/watch?v=rUuKlhsLC1E&feature=emb_logo

Мелдештин жыйынтыгы боюнча чемпиондор жана байге ээлери аркылуу Кыргызстандын курама командасы түптөлөт.

Аталган мелдеш Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата тапдап алуу болуп эсептелет.

Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулат.

Чемпионатты өткөрүү үчүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 169 миң сом каралган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru