Бишкек шаарында кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында 20 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
3-ноябрь күнү саат 13:00 чамасында Көлмө айылында белгисиз мас жигит 20 жаштагы кызды зордуктаган. Жабырлануучу милицияга кайрылып, окуя болгон жерге кайгуулчулар барган. Алар 1997-жылы туулган О.у.Б., 1998-жылы туулган Т.А. жана 1999-жылы туулган К.Н.ны кармашкан.
Ошондой эле О.у.Б.дан тапанча табылган.
Кармалгандар Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru