народный

Бишкек шаарында ВИЧ- инфекциясын акысыз тестирлөө башталат. Дареги жана убакыты

Бүгүн, 23-ноябрда Республикалык СПИД борбору Бишкек шаарынын базарларында ВИЧ, сифилис, В жана С гепатиттери боюнча акысыз жашыруун тестирлөөнү баштайт. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн пресс-релизде айтылат.

Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өтүүчү тестирлөөгө баардыгы чакырылган.

Тестирлөө  базарларда эртең мененки саат 10дон түшкү саат үчкө чейин болот:

Ош базары – 23-ноябрь;

Ош базары – 24-ноябрь;

Аламүдүн базары – 25, 26-ноябрь;

“Сары-Озон” – 27, 28-ноябрь;

Мадина – 29-ноябрь;

“Дордой-Дыйкан” – 30-ноябрь;

Орто-Сай – 1-декабрь.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru