Бишкек шаарында жасалма пропуск колдонгон айдоочу кармалды

Бишкек шаарындын аймагында киргизилген өзгөчө абал учурунда, шаар аймагында санитардык карантиндик постор орнотулуп, Бишкек шаардык ИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери башка кесиптештери жана кызматар менен биргеликте түнү-күнү постордо, мобильдик жана жөө топтор түзүлүп, калк арасында илдетти алдын алуу жана болтурбоо, санитардык нормаларды сактоо, карантиндик абалда текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

2020-жылдын 1- апрель күнү, Бишкек шаарынын Айни жана Чапаве көчөлөрүнүн кесилишинен, 32 жаштагы Д.Н. башкаруусундагы «Ланд Ровер» унаасы текшерүү үчүн токтотулган учурда, маңдайкы терезесинде көк түстөгү Бишкек шаарында кыймылда жүрүүгө мүнкүнчүлүк берген уруксат пропуску болгон. Кылдат текшерүүгө алууда пропуск жасалма болгондугу аныкталган.
Окуя катталган аймака Ленин райондук ИИБы ыкчам тергөө тобу чыгып, унаа атайын коюлуучу жайга токтотулуп, баардык чогултулган иш кагаздары тергөө кызматына өткөрүлгөн. Андан соң окуя жоруктун жана кылмыштын бирдиктүү рейстрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодекснин 359 беренесине ылайык ( доументтердин жасалмасы) кылмыш иши козголду.
” Урматуу Бишкек шаарынын тургундары инфекциялык илдетти алдын алуу жана тарлып кетишине жол бербөө максатында жөнү жок эшике чыгууну токтотууну суранабыз. Жазалма документтерди колдонуу кылмышка тете экенин эскертебиз. Сиздер үйдө болсоңуздар, бизге жардам бересиздер!”-деп кошумчаланат маалыматта.

Бишкек шаардык комендатурасынын Басма-сөз кызматы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru