народный

Бишкек шаарынын 12-кичи районунан эркек адамдын жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын 12-кичи районунун аймагында эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул туурасында Бишкектин комендатурасынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, милицияга кечээ, 20-апрелде Аламүдүн суусунда 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин ыкчам тобу барган.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө жүрүп жаткандыгы кошумчаланат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru