Бишкек шаарынын жана эки региондун дарыгерлери кагаз рецепттеринен электрондукка өтүштү

Бишкек, Талас жана Жалал-Абад облустары электрондук формага өткөндүктөн, кагаз түрүндөгү рецепттерди чыгаруу токтотулду. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 1-январдан баштап Бишкек, Талас жана Жалал-Абад облустарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлору жана дарыкана тармактары рецепттерди берүүдө “электрондук рецепттер” жеңилдетилген системасына өтүштү.

Аталган аймактарда кагаз түрүндө жазылган рецепттерди берүү жана жүргүзүү токтотулду.

“Электрондук рецепт” системасын киргизүү алдында дарыгерлер жана фармацевтер үчүн 5 айлык окуу курсу өткөрүлдү.

“Кагаз менен электрондук рецепттердин ортосундагы айырмачылык аларды дайындоо ыкмасында гана эмес, заманбап ыкчам профессионализм, ал бейтапка дары-дармек жазып берүү стадиясынан баштап, колдонуп бүтүшүнө чейин натыйжалуу кызмат кылат. Анын артыкчылыктары көп”, – деди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева.

“Электрондук рецепт” системасы ар бир кызматкерди интернет туташуусун гана эмес, компьютерде иштөө көндүмдөрүн талап кылат. Электрондук рецепттерди берүүдө үзгүлтүктөр болушу мүмкүн жана буга байланыштуу фонд калктан түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.

Суроолор боюнча 113 ишеним телефонуна кайрылууга болот (бардык уюлдук байланыш операторлорунун абоненттери үчүн чалуулар акысыз).

Онлайн режиминде электрондук рецепттер Ош жана Ысык-Көл облустарында 2020-жылдын январь айынан баштап киргизилген. Ал жерде дарыгерлер буга чейин 515,4 миң электрондук рецепт жазып беришти. Аталган фонд дарыканаларга 108,8 миллион сомдун ордун толтурду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.