Бишкек шаарынын жанында ири өрт чыкты
“Бишкек шаарына жакын жерде өрт чыкты, алдын ала маалыматтар боюнча, завод күйүп жатат”, – Бул тууралуу КР ӨКМ билдирди.
Белгиленгендей, бүгүн, 20-ноябрда өрткө каршы кызматына сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы заводдун аймагында өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Саат 09: 50дө Бишкек шаарынын Ленин районунан өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге жөнөштү, саат 10: 00дө Сокулуктан барышты, ал эми саат 10: 08де – борбордун Биринчи Май районунун бир экипажы жөнөдү.
Мындан тышкары, штабдын үч бөлүмү тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмне күйүп жаткандыгы жана жабыркагандар бар же жок экендиги азырынча белгисиз экендигин баса белгиледи.