Бишкек ШИИББи митингге чыга тургандарга эскертүү берди

Анализ талдап көрсөткөндөй, социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында эртең жарандарды чогултуп жатышкан  уюштуруучуларга каршы агрессивдүү чакыруулар чыгууда.

Ушуга байланыштуу шаардык милиция жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. Ал эми митингдин уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жана мыйзамдарын  сактап, жарандардын жана шаардын конокторунун коомдук жашоосуна кийлигишпөөгө чакырат. Шаардык милиция функционалдык милдеттерине ылайык  кызматын өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздайт.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru