народный

Бишкек жана Ош шаарларында айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкек жана Ош шаарларында айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке жарандардын дүң баада азык-түлүк сатып алуусуна шарт түзүү максатында өткөрүлмөкчү.

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда өтчү жарманкенин даректери:

– Бишкек шаары, Киев, И.Раззаков жанаТоктогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде.

– Ош шаары (Айыл чарба техникумунун – А.С уйүнбаев атындагы спорт аянтчасына чейин).

“Жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат”, – деп кошумчалашты министрликтен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru