народный

Бишкекте 16 жаштагы Анель дайынсыз жоголду

Бишкекте 16 жаштагы Анель Альбертовна Аскербекова изделүүдө . 4-ноябрда эртең мененки саат сегиздер чамасында ал энергетиктер шаарчасындагы үйдөн чыгып (Аламүдүн-1) жумушка кеткен, андан кийин аны менен байланыш үзүлүп калган. Ата-энесинин айтымында, ал көбүнчө 152-кичи автобуска отурат. Акыркы жолу телефон 8.30да Аламүдүн-1 кичи районунда күйгүзүлгөн. Атайын белгилер: Анель күмүш түстөгү куртка, кара жинсы, бутунда кышкы боз түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн. Оң көздүн үстүндө кичинекей тырык бар. Эгерде кимде-ким кыздын жүргөн жери жөнүндө маалыматка ээ болсо же аны көргөн болсо, анда анын үй-бүлөсүнө чалып коюңуздар: 0708 44 48 84, 0999 68 88 98, апасы Дамира

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru