Бишкекте 59 жаштагы жаран дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкек шаарында 1962-жылы туулган Талант Мырзаев аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 21-февралда саат 16:00дө Көк-Жар конушундагы эжесинин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал бир ай мурун инфаркт болуп, эс-тутумун жарым-жартылай жоготкон.
Эгерде сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, төмөнкү байланыш номерлерге кабарлап коюңуздар: Баласына (0558 252259) же кызына (0550 505504).