Бишкекте 61 миң 500 сому бар терминалды уурдаганга шектелгендер кармалды

Бишкекте 61 миң 500 сому бар терминалды уурдаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу шаардын комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, терминалды уурдаганга шектелип 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. кармалды.

Эске салсак, 6-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Т. Б. аттуу жаран кайрылып, анын Абдрахманов көчөсүнө коюлган терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги тууралуу кайрылган.

Арыз ээси терминалдын өзү 1 500 доллар экенин, анын ичинде 61 миң 500 сом болгонун белгилеп, уурдап кеткен адамдарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.

Учурда кармалгандар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru