Бишкекте 7 мектеп жана бир бала бакча карантинге жабылды
Борбор калаада 7 мектеп жана 1 бала бакча онлайн иштөөгө өткөнүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көрсөтмөсүндө белгиленди.
Көрсөтмөдө №60, №4, №67, №29, №38, №18 жана менчик “Газпром” мектеби аралыктан окууга өткөнү жана №135 бала бакча карантинге жабылганы айтылат. Аталган жайларда экиден ашык адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бир катар мектептерде айрым класстар онлайн окутууга өткөрүлгөнү маалымдалат.
